MCN Coin’дин негиздөөчүлөрүнүн бири алдамчылыкка барганын мойнуна алды

Image descriptionMCN Coin криптоактивинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков буга чейин мыйзамсыз иш жүргүзүп келгенин, өлкөдөгү бардык аймактарды кыдырып, элден акча чогултканын айтып чыкты. Ал күнөөсүн мойнуна алган тасманы «Ала-Тоо 24» телеканалы жарыялады.

Субанбеков MCN Coin өзүнүн блокчейн системасына ээ болгон эмес жана долбоор башынан эле элди алдоо максатында түзүлгөн деп билдирди. Долбоор ишке киргени жалпы 2,5 млн доллар жыйналганын белгилеп, бирок бул каражатты жарандарга кайтарып бере албасын айтты.

ЖМКлар Исрадин Субанбеков Бишкектен Араб Эмираттарына качууга аракет кылган учурда кармалганын жазышты.

Мурдараак  Финансылык көзөмөл кызматы жарандарды MCN Coin'го инвестиция салбоого чакырып, бул актив мамлекеттик каттоодон өтпөгөнүн жана мыйзамдуу реестрлерге киргизилбегенин эскерткен. Бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилген.