УКМК Улуттук онкология жана гематология борборунун кызматкерлери коррупциялык схема түзүп алышканын аныктады.
Мекеменин химиотерапия бөлүмүнүн башчысы, дарыгери жана улук медайымы онкологиялык бейтаптар үчүн мамлекеттик каражатка алынган дарыларды мыйзамсыз эсептен чыгарып, сатып келишкени айтылат.
«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр дары-дармектердин көлөмүн атайын көбөйтүп жазып, кийин аларды эсептен чыгаруу схемасын түзгөн», — дешти атайын кызматтан.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.