Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «Эл үмүтү» стипендиясын алган студенттердин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик кызматта иштешин камсыздоо үчүн күрөө талап кылуу керектигин билдирди.
Ал 50 миң долларлык стипендия үчүн 100 миң доллар же турак жай күрөөгө коюлушу керек деген пикирде. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева сунушту колдоду.
Андан мурда Кендирбаева «Эл үмүтү» стипендиясын алган студенттер өлкөгө кайтып келип иштебей жатканын айткан.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын май айында жаңы «Эл үмүтү» эл аралык стипендия программысын ишке киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Программа дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин магистратурасына же докторантурасына өткөн кыргызстандык студенттерге каржылык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Стипендиянын эң жогорку суммасы — 50 миң АКШ доллары.