Президент Садыр Жапаров 31-январда кол койгон ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам 10-февралда күчүнө кирди.
Эми ар бир жалаа жапкан же мазактаган билдирүү, комментарий үчүн жеке жактарга 20 миң, юридикалык жактарга 65 миң сомдон айып салына баштайт.
ЖМКда жана интернетте жалаа жабуу, мазактоо үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Маданият министрлиги демилгелеген. Авторлордун маалыматы боюнча, акыркы кездери «ЖМКда жана интернет-ресурстарда мазактоо, жалаа жабуу учурлары көбөйдү».