Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом деп эсептелди. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 12,7% жогору.
Мындан тышкары быйыл январь айында өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январына салыштырганда 10,6% көбөйгөнү айтылат.
Бийлик кызматкерлердин айлыгын көтөрүлүп келе жатканын айтып келет. Былтыр медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулаганы, 2022-жылы бюджеттик кызматкерлердин эмгек ыкысы, пенсия жана жөлөк пулдар эки эсеге чейин көтөрүлгөнү белгиленген.
Кыргызстанда орточо маяна Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң аз болуп саналат. Былтыркы жылдагы эсептөөлөргө ылайык, эң көп айлык Орусияда — айына 79 000 сом. Андан соң Казакстан — 75 849 сом жана Армения — 62 723 сом. Беларуста болсо — 57 535 сом.