Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди 13-мартка чейин камакта калтырды.
Адвокаттар бул чечимге каршы арызданат. Жактоочу Аскар Алымкуловдун айтымында, акыркы жарым айдын ичинде Темирлан Султанбековдун катышуусунда эки-үч гана тергөө иш-чарасы өткөн.
«Апрель» басылмасы сотко күчтөп алып келинерден мурда Султанбеков абакта эс учун жоготконун жазган.
Султанбеков 87 күндөн бери ачкачылыкта, ал буга чейин да сотто эс учун жоготкон. Анда саясатчынын абалы «өтө оор» экени айтылып, бул өлкө тарыхындагы эң узакка созулган ачкачылык экени белгиленген.
Жаза аткаруу кызматы саясатчынын абалы «канааттандырарлык» деп, ал абакта дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтууда.
Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер былтыр ноябрда «шайлоочулардын добушун сатып алуу» айыбы менен кармалган.