Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Октябрь райондук милициясынын кызматкери зордуктоого шектелип кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы кыз 6-февралда милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-февраль күнү кечинде Сары-Өзөн көчөсүндөгү мейманканалардын биринде белгисиз киши аны коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын айткан.
Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү катары милициянын лейтенанты кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкек шаардык милициясынан мыйзам бузган кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертип, тергөө жүрүп жатканын кошумчалашты.
Бул милиция кызматкери «зордуктоого» шектелип кармалган алгачкы учур эмес. 2022-жылы да эки милицияионер секелек кызды зордуктоого шектелип 15 жылга эркинен ажыратылган.