Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Нуржан Шайлдабекова БШКнын жыйынында кызматтан кеткенин жарыялап, анын чечими кесиптештери колдоду.
Жаңы төрага болуп буга чейин Шайлдабекованын орун басары кызматын аркалаган Тынчтык Шайназаров дайындалды.
Шайлдабекова Боршайкомдун төрайымы болуп эки ирет: 2016 жана 2021-жылдары дайындалган.