Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде Илон Масктын «Эркин Европа/Азаттык» жана «Америка үнү» радиолорун жабуу демилгесин колдой турганын билдирди.
Анын айтымында, учурда кыргызстандыктарга «Азаттыктын» жаңылыктары кереги жок, анткени маалыматты интернеттен окуса болот.
«Мындан тышкары, биздин эл жаңылыктарды талдап, баарына ишене бербегенди үйрөндү. Алар кайсы маалымат чын, кайсысы жалган экенин айырмалай билишет»,
— деди ал.
Президент «Азаттык» өзүнүн актуулдугун жоготту деп эсептейт. Ал мурда «эл күтүп, ишеним менен угар эле, бирок азыр муктаждык жок» деп белгиледи.
Жапаров Американын президенти Трампты жана Маскты колдой турганын айтып, «алар америкалыктардын акчасын текке кетирүүнү токтоткусу келет» деп кошумчалады.
Буга чейин федералдык чыгымдарды кайра карап чыгуу милдети жүктөлгөн Илон Маск аталган медиаларга АКШ өкмөтү жылына бир миллиард доллар короторун айткан.