Өткөн жылдын октябрында MCN Coin криптоактивинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков «Эркин Тоо» мамлекеттик гезитине маек курган. Ал ошол кезде «Бир-Аалам» деп аталган крипто компаниясын жарнамалаган.
Мамлекеттик гезитке чыккан маекте Субанбеков компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, каалоочуларды алардын катарына кошулууга чакырган.
«Биз элден акча чогултпай, тескерисинче катарыбызга кошулгандарга акча берип жатабыз. Максаттарыбыздын дагы бири, элибизди алдап кеткен каржылык, тармактык (сетевой) компанияларга карама-каршы чыгуу болуп саналат. [...] Катарыбызга кошулгусу келгендер баш калаадагы кеңсебизге келип, окууларыбызга катышып, программабыз жакса катарыбызга кошулушса болот. Биздин эч кандай күмөндүү иштерибиз жок. Бардык каалоочуларга ачыкпыз»,
—деген ал.
Кийинчерээк аталган макала өчүрүлгөн. Бирок архивде сакталып калган.
Аталган мамлекеттик гезиттин башкы редактору Наралы Асанбаев «Азаттыкка» гезит MCN Coin’ду алууга «үгүт кылбаганын» билдирди.
«Биздин гезит, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезитинин макамы мамлекеттик. Бирок биз чарбалык эсеп жүргүзөбүз. Бул "өз арабаңды өзүң тарт" деген сөз. Маек октябрь айында жарыяланган. MCN coin'дин түзүүчүсү эмес, “Бир Аалам” компаниясынын түзүүчүсү Исрадин Субанбеков деп чыккан. Маекте "эмне болгон компаниясыңар, лицензияңар барбы?" деген суроолор бар. Жарнамалык негизде чыккан, акчасын төккөн, квитанциялары турат. Маекте “MCN coin'ди алгыла, миллионер болуп кетесиңер” деген бир дагы сөз жок»,
— деген ал.
Февралдын башында MCN Coin криптоактивинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков буга чейин мыйзамсыз иш жүргүзүп келгенин, өлкөдөгү бардык аймактарды кыдырып, элден акча чогултканын моюндаган. Ошондой эле, долбоордун жүрүшүндө 2,5 миллион доллар топтой алышканын, бирок аны кайра элге кайтарып бере албасын билдирген.
Көп өтпөй MCN Coin'дон жабыркаган 898 жаранга жалпы суммасы 1,7 миллион доллардан ашык компенсация төлөнгөнү айтылган.
Ал эми эки күн мурда MCN Coin иши боюнча Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубеков менен дагы бир киши кармалганы белгилүү болду.