Жаңы министрлик түзүлдү. Жогорку Кеңеш ага Нурдан Орунтаевди жетекчи кылып дайындоо сунушун колдоду

Image descriptionПрезидент Садыр Жапаров архитектура, курулуш жана турак жай тармагын өнүктүрүү максатында жаңы министрлик түзүү боюнча жарлыкка кол койду.

Өлкө башчысы ага Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаевди жетекчи кылып дайындоо сунушун парламетке жөнөткөн. Жогорку Кеңеш аны колдоду.

Нурдан Орунтаев 2022-жылдын августунда Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалып, бул кызматты 2023-жылдын ноябрына чейин аркалаган.Андан кийин Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин жетектеген.