Депутаты Эмилбек Айдаралиев Оштун Кара-Суу районунда мектеп окуучусу каза болгон окуяны парламент жыйында көтөрүп чыгып, мамлекеттик органдарды мектептеги коопсуздукту камсыздоого үндөдү.
Анын айтымында, 9-класстын окуучусу сабалгандан кийин дааратканада узак убакыт жардамсыз жатып, деми кысылып каза болгон. Бирок мугалимдер бул окуяны жашырып, окуучу мектептин алдында эсин жоготуп жыгылды деп коюшкан.
«Билим берүү министрлиги менен ички иштер органдары каякты карап жатышат? Бул окуя өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун кооптуу деңгээлге жеткенин көрсөтүп турат. Мектептеги коопсуздукту камсыздоого чараларын күчөтүш керек»
— деди ал.
Буга чейин Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу дааратканада сабалып каза болгону кабарланган. Андан мурда борборткалаадагы эки мектепте зомбулук учуру катталган.
Акыйкатчы да мамлекеттик органдарды мектептерде балдардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүүгө чакырган.