Кара-Суу: Окуучунун өлүмүнөн кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, директор баштаган мугалимдер иштен четтетилди

Image descriptionКара-Суу районундагы №39 мектептеги окуучунун өлүмүнөн кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору, анын орун басары иштен алынып, 9,11-класстын класс жетекчилери жана дагы эки кызматкер иштен четтетилди.

Бул тууралуу 13-февралда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, райондук администрациянын башчысынын орун басарына, Социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адисине сөгүш жарыяланды.

Убактылуу мектеп директору болуп ошол эле мектептин математика мугалими Мисрат Оморалиева дайындалды.

12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында №39 орто мектептин 9-классынын окуучусу мектептин алдында эсин жоготуп жыгылып, каза болгон. Облустук милициянын маалыматы боюнча, окуучулар арасында пикир келишпестик чыгып, маркум ур-токмокко алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.