Кара-Сууда 9-класстын окуучусу сабалгандан кийин каза болду

Image description12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында №39 орто мектептин 9-классынын окуучусу мектептин алдында эсин жоготуп жыгылып, каза болгон.

Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуучулар арасында пикир келишпестик чыгып, маркум ур-токмокко алынган.

Бул факт каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголгон.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 2007-жылы туулган ошол эле мектептин окуучусу тарабынан маркум сабалганы аныкталган. Өспүрүм кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.