13-февралда УКМКнын кызматкерлери «Социал-демократтар» партиясынын дагы бир мүчөсү Фархад Баабиевди кармашты. Бул тууралуу «Клоопко» анын партиялашы Кадырбек Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, Баабиев азыркыга чейин УКМКнын имаратында.
«Эмне себептен экенин билбейбиз, бирок соцтүйүндөрдөгү кайсы бир комментарийге байланыштуу сыяктуу», — деди Атамбаев.
УКМК 24.kg басылмасына Фархад Баабиевдин кармалганын ырастап, анын себептери тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Буга чейин укук коргоо органдары партиянын башка мүчөлөрүн — Жанна Самышеваны, Анарбек Катагановду жана Кадырбек Атамбаевдин өзүн суракка алышкан. Булардын баары добуш сатып алуу иши боюнча күбө катары сурак беришкен.
Бул иш боюнча партиянын лидери Темирлан Султанбеков жана анын эки партиялашы — Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер камакта отурушат. 2024-жылы ноябрда партия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодон четтетилген.