Баткен: Өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, бирөө бычак жеди

Image descriptionБаткен облусунда өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, бирөө бычактан жаракат алды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 8-февраль күнү эртең менен 17 жаштагы балдардын арасында мушташ чыгып, анын жүрүшүндө бирөө экинчисин бычак менен сайып жиберген.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Азыр абалы туруктуу деп бааланууда.

Милиция бул боюнча «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.

Милициядан мушташтын катышуучулары мектеп окуучулары эмес экенин, алар 9-классты аяктагандан кийин мектепти таштап коюшканын белгилешти.

Бул акыркы бир айдын ичинде мектеп курагындагы балдардын арасындагы үчүнчү мушташ болуп калды. 12-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу башка окуучулар тарабынан ур-токмокко алынгандан кийин каза болгон. Аны менен катар Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу дааратканада сабалып каза болгону кабарланган.