Билим берүү министри: Мектептен тышкаркы болгон окуяларга мугалим күнөөлүү эмес

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева «окуучунун мектептен тышкаркы болгон окуяларына мугалим күнөөлүү эмес» экенин билдирди. Ал бул тууралуу 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Аны менен катар Ички иштер министрлигинин өкүлү жашы жете элек балдар саат 10:00дөн кийин үйүндө болушу керектигин, буга ата-энелер жооптуу экенин билдирди. Анын айтымында, бул боюнча рейддер жүргүзүлүп турат. Эгер жашы жете элек бала саат ондон кийин кармала турган болсо, анын ата-энесине айып-пул салынат.

Ал арада Билим берүү министрлиги да официалдуу билдирүү таратты.

«Акыркы болуп жаткан окуяларда биз дароо реакция кылып, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, жергиликтүү бийликтерге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү жөнүндө тиешелүү каттар жөнөтүлгөн болчу. Жыл башынан бери катталган үч факты — Ысык-Ата районунда, Бишкекте, Кара-Сууда балдардын өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иштери козголду, ал эми билим министрлиги тарабынан болсо ар бир иш дыкаттык менен каралып, атайын кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат бүгүнкү күндө»,
— деп айтылат анда.

12-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу мектеп окуучулары арасында пикир келишпестик чыгып, ур-токмокко алынгандан кийин каза болгону белгилүү болгон. Аны менен катар Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу дааратканада сабалып каза болгону кабарланган.