Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалган Мирланбек Маратбек уулу акталды

Image description14-февралда Кант шаардык соту активист Мирланбек Маратбек уулун «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси  боюнча күнөөсүз деп таап, толук актады. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» курган мегинде билдирди.

Маратбек уулу былтыр 15-августта кармалган. Ал соцтүйүндө бийликти сындаган билдирүүлөрдү жарыялаган деп айыпталган.

Каракол шаардык милициясы анын Чүй облусундагы үйүн тинтип, өзүн экстремисттик материалдарды жайылтууга шектеп кармаган.

Анда Маратбек уулу болсо мыйзам бузбаганын жана анын үйүндө тыюу салынган материалдар жок экенин айткан.

Ал эми Маратбек уулунун акталганы тууралуу расмий органдар комментарий бериле элек.

Мирланбек Маратбек уулу активист катары белгилүү, ал уран казууга каршы чыккан. Андан тышкар соцтүйүндө  бийликтин аракеттерин сындаган билдирүүлөрдү жасап келген.