Жалал-Абадда 200 миң катталуучусу бар блогер акча опузалоого шектелип кармалды

Image descriptionУКМКнын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарындагы блогер Сузактын тургунун өгөй кызы менен жыныстык мамиледе болгону тартылган жасалма сүрөт, видеолорду инстаграмга жарыялайм деп коркутуп, 184 миң сом талап кылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучунун өгөй кызын күч колдонуп коркутуп жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаганы белгилүү болгон. Андан соң ал сүрөттөрдү колдонуп, атасынан акча талап кылган.

Азыр бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Андан тышкары шектүү блогердин кылмыштуу башка иштерин аныктоо иштери да жүрүүдө.

Жыл башында УКМК өзүн журналисттик иликтөө жүргүзгөн блогер деп тааныштырган Жазира Осмоновага да ушундай берене менен иш козгогон. Ал ишкерлерди «иликтөө жүргүзүп, материалдарды интернетке жарыялайм» деп коркутуп, ири өлчөмдө акча талап кылып келгени айтылган.