Ош облустук милициясы Өзгөн районундагы №34 мектептин 11-классынын окуучулары пикир келишпестиктен улам мушташа кетип, 17 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча милицияга 14-февралда маалымат түшкөн. Бул окуя каттоого алынып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жабыркыган окуучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин өлкөдөгү бир нече мектепте зомбулук учуру катталып, эки окуучу каза тапты. Соцтүйүндө окуучулар арасындагы мушташ жана уруш-талаш тууралуу видеолор тарап, коомдо окуучулардын коопсуздугу маселеси көтөрүлүүдө.