«Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков дээрлик 100 күн ачкачылык кармады. Ал ден соолугуна байланыштуу жана жакындарынын өтүнүчүн эске алып, ачкачылыкты убактылуу токтотууну чечти.
Анын айтымында, акыркы медициналык текшерүүлөр анын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралганын көрсөткөн.
«Мен көп жылдардан бери орозо кармап келем жана бул жолу дагы салтты бузгум келбейт. Ошондой эле жакындарымдын, партиялаштарымдын жана миңдеген мекендештеримдин ачкачылыкты токтотуу тууралуу өтүнүчүн жоопсуз калтыргым келбейт»,
— деп жазган саясатчы.
Султанбеков бул кадам «күрөштү токтотконумду билдирбейт» деп белгилеп, дарылануудан жана орозодон соң ачкачылык акциясын улантарын айтты.
Былтыр 13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабында тинтүү жүрүп, лидери Темирлан Султанбеков жана анын эки партиялашы кармалган. Аларга «добуш сатып алуу» айыбы тагылууда.