Депутат Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды

Image descriptionБШК Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, Култаева мандатын тапшыруу тууралуу өзү арыз жазган.

БШК бошогон мандатты «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кийинки болуп жайгашкан Гүлсүнкан Жунушалиевага тапшырды.