Парламенттик шайлоону мажоритардык система боюнча гана өткөрүү сунушталды

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир катар эл өкүлдөрү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун системасын өзгөртүүнү сунушташты.

Алар «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешти. Ага ылайык, парламенттеги 90 депутаттын баары тең мажоритардык система боюнча шайланат.

Демилгечилердин айтымында, өзгөртүүлөр башка максаттар менен катар эле «Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жол-жобосун өркүндөтүүгө жана жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишенимин жогорулатууга да» багытталган.

Азыркы мыйзамга ылайык, парламенттин 54 депутаты партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Мыйзам долбоорунун авторлору көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округун түзүүнү сунуштап жатышат. Ага ылайык, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.

«Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык болот», — деп жазылган документте.

Мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялар өз курултайларында жашыруун добуш берүү жолу менен ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына бирден талапкерди көрсөтөт. Партиялар алардын мүчөсү болбогон жарандарды талапкер катары көрсөтсө болот, ошол эле маалда башка партиялардын мүчөлөрүн көрсөтө алышпайт.

Мындан тышкары талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагылардын саны 70% көп болбошу шарт. Шайлоого катышуу үчүн партиялар 3 млн сомдон, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 100 миң сомдон шайлоо күрөөсүн төлөшү керек болот.

Талапкерлер бирдей добуш алган учурда документтердин толук топтомун датасы жана убактысы боюнча эрте берген талапкер жеңди деп эсептелет.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда аялдар үчүн өзүнчө квота каралган: парламенттеги 30 депутаттык мандат аялдарга бөлүнүп, ар бир аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алган аял шайланды деп таанылат. Депутат аял мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки аял талапкерге мандат берилет.

Демилгечилердин пикиринде, мындай өзгөртүүлөр «Жогорку Кеңештин курамын партиялык тизмелер боюнча түзүүдөгү кемчиликтерди жоет».

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Жогорку Кеңешке шайланып келүүнү каалагандар быйыл эле даярдана башташат, ал эми парламенттик шайлоонун өзү 2026-жылы күзүндө өтөт.