Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди. Мекеме жетекчиси Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды эрте никеге турган учурларды алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылды.
Окуучу кыздардын никеге туруусун алдын алуу максатында Сузак районунда мониторинг жүргүзүлгөн.
Ага ылайык, Сузакта былтыр тогуз айда эрте турмуш курган 23 учур катталып, 21и тергөө учурунда кыскартылган. Ал эми Жалал-Абад облусунда 21 жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп каттоого алынган. Анын үч учуру сотко өтүп, 18и боюнча иш козголгон эмес.
Ушундай эле байкоо эми өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлөт.
«Кыздардын эрте турмуш куруусуна жол бербөө үчүн, алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Эрте никенин кесепеттерин балдарга мектептерде жана үйдө байма-бай түшүндүрүү керек»,
— деди акыйкатчы.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мурдагы жылы Жалал-Абадда 68 өспүрүм кыз төрөгөн. Ал эми өлкө боюнча андай эрте көз жаргандардын саны 310ду түзгөн.