Маданият министрлигине гимн боюнча 449 кайрылуу түштү

Image descriptionБул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, сынакка эмгектерди кабыл алуу уланып жатканын эскертти.

Сынак боюнча министрликке 279 адамдан 439 сунуш келип түшкөн, анын 23ү талапка толук жооп бергени үчүн каттоого алынды.

Министрлик жаңы гимнди жазуу боюнча сынакка өтүнмөлөр 20-мартка чейин кабыл алынарын эскертти.

Буга чейин министрлик гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыялап, ага композиторлорду, акындарды катышууга чакырган. Анда жеңүүчүгө 1,5 млн сомдук сыйлык берилери айтылган.

Гимнди өзгөртүү демилгеси парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Ал муну гимнде советтик калдыктар бар экени жана ырдоого татаал экени менен түшүндүргөн.

Төрага өлкөнүн жаңы гимнин 2025-жылдын апрелине чейин кабыл алуу тапшырмасын берген. Бул үчүн депутаттык жана мекемелер аралык комиссиялар түзүлгөн.

Мекемелер аралык комиссия депутаттарга жаңы гимндин үч вариантын бериши керек. Эл экүлдөрү алардын эң жакшысын тандап, бекитет.