Жети-Өгүздө 11-класстын окуучусу мектепте асылган абалда табылды

Image descriptionЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында 11-класстагы кыз спорт залда асынган абалда табылды.

Ысык-Көл облустук милициясы окуя 5-февралда болгонун билдирди. Турникке асынып турган кызды дене тарбия мугалими тапкан. Алгач ал райондук ооруканага жеткирилип, кийин Бишкекке которулган. Бирок ал 14-февралда үзүлгөн.

Бул боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын себептери такталууда.

Милиция жана тиешелүү органдар окуучунун жакындары менен иш алып барып, тергөө амалдары жүрүүдө.