«Эркин-Тоо» мамлекеттик гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Ал «Азаттыкка» буга MCN coin криптоактивин жарнамалоо маселеси себеп болбогонун белгиледи.
Элди алдаганын моюндаган MCN Coin криптоактивин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков өткөн жылдын октябрында «Эркин-Тоо» мамлекеттик гезити аркылуу крипто компаниясын жарнама кылганы белгилүү болгон. Кийинчерээк жарнама маек гезиттин сайтынан өчүрүлгөн, бирок ал веб-архивде сакталып калган.
Кийин мамлекеттик гезиттин башкы редактору гезит MCN Coin’ду алууга «үгүт кылбаганын», бирок компания жарнамаланганын билдирген.
MCN Coin иши боюнча февралдын башында Исрадин Субанбеков, кийинчирээк «каржы пирамидаларын уюштурган» деп айыпталып Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков кармалган. Дагы бир киши кармалганы айтылган.
Субанбеков алгач долбоордун жүрүшүндө өлкө аймагындагы элдерден 2,5 миллион доллар топтой алышканын айтып, бирок аны кайра элге кайтарып бере албасын билдирген. Көп өтпөй MCN Coin'дон жабыркаган 898 кишиге жалпы суммасы 1,7 миллион доллардан ашык компенсация төлөнгөнү белгилүү болду.