ӨКМ: Улуттук хирургия борборунун имараты өрт коопсуздук талабына жооп бербейт

Image descriptionӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун текшерди. Анын жыйынтыгында оорукананын негизги имараттары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей турганы аныкталган.

«Одоно бузууларды жоюуга иштин көлөмүнө жараша 30 күн убакыт берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча эскерүүлөр берилди», — дешти мекемеден.

ӨКМден өлкөдөгү ооруканалар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатканын белгилеп, мындай текшерүүлөр мурда да жүргүзүлүп келгенин кошумчалашты.

Буга чейин Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунда өрт чыккан. Анда эки бейтап — 16 жаштагы өспүрүм жана 1 жаш 7 айлык наристе көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги кырсык болгон маалда алар жасалма дем алдыруучу аппаратта болгонун билдирген.

Милиция «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козгогон. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрттүн чыгуусуна жабдуулардын биринин аккумуляторунун жарылуусу себеп болгон.