Кыйноолорду алдын алуу борбору жана Акыйкатчы институту абактагы Тажибек кызынан кабар алды

Кыйноолорду алдын алуу борбору Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын абактагы коркутуулар тууралуу билдирүүсүнөн кийин Чүйдөгү №2 аялдар абагына барды.

Мекеменин маалыматына ылайык, баарлашуу учурунда Тажибек кызы аны соттолуучулардын бири басмырлап, өлтүрөм деп кокутканын айткан.

Кыйноолорду алдын алуу борбору азыркы тапта Тажибек кызынын «коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин» билдирди.

Ал эми Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, Тажибек кызы Лысенко аттуу соттолуучу ал абакка түшкөн алгачкы күндөру коркутканын айткан. Мекемеден азыр анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин белгилешти.

«Мекеменин жаңы жетекчиси Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катуу шарттагы кармоого которгонун маалымдады», — дешти мекемеден.

Акыйкатчы институнун билдирүүсүнөн кийин Temirov Live долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров маселе чечилгенин билдирди.

Махабат Тажибек кызы Чүй облусундагы №2 түзөтүү мекемесинде. Сот аны «массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты  жылга эркинен ажыраткан.

Бул иш боюнча жалпы 11 адамга өкүм чыккан. «Айт Айт Десе» долбоорунун акыны Азамат Ишенбеков беш жылга соттолгон. Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдык сыноо мөөнөтү берилген. Калган жети айыпталуучу акталган.

11 журналист 2024-жылдын 16-январында кармалган. Алардын баары мурда же кийин Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунда иштеген.