Жаңы жер кодексине нааразы болгондор 10 миңден ашык кол топтолгонун айтышты

Нааразы болгон кырктай адам Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентти Жер кодексине байланыштуу парламент кабыл алган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Алардын айтымында, мыйзамда тургундардын менчик укугу сакталбай калган.

Чогулгандар бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коёт деп кооптонушууда. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, нааразы болгондордун бири мыйзам күчүнө кирсе «Совет мезгилинде мамлекет берген жерлердин кызыл китеби жоюлушу мүмкүн» экенин айткан.

Жерине милиция кызматкерлери барып, чогулгандарга петицияга кол койгон соң тарап кетүүнү эскерткен. Уюштуруучулар кол топтоону Горький атындагы гүлбакта улантып жатышат. Ага жалпы 10 миңден ашык киши кол койгону айтылды — бүгүн эки миңге чукул адам кошулган.

13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Жер кодексинин жаңы долбоорун жактырган. Документке ылайык, бийлик эми «мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор» үчүн тургундардын жерин сатып ала алат — бирок кандай баада экени белгисиз.