Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордодогу» жыйынында билдирди.
Ал кызматтык иш сапарларды уюштуруу маселесин оптималдаштырууну, максаты бирдей иш сапарларды бириктирип санын кыскартууну, алар боюнча отчеттун ачыктыгын камсыздоону тапшырды.
Касымалиев мындай чара ашыкча чыгымдарды азайтууга, министрликтердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.
«Ийгиликтүү иш сапарлар бир катар факторлор: так аныкталган максаттар, компетенттүү пландаштыруу, квалификациялуу адистердин катышуусу менен мүнөздөлөт. Командировкага кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүккө жана регламенттерди бузууга жол бербегиле. Сапарлардын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыттарына басым жасоону, алынган билим, тажрыйбаны башкаруу процессинде колдонууну жана реформаларды натыйжалуу киргизүүнү камсыздоону тапшырам»,
— деди ал.