Бишкек: Аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелип 37 жаштагы тургун кармалды

Image descriptionБишкекте аялын ур-токмокко алып, денесине жаракат келтирген 37 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 21-февралда Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда райондук милицияга жабырлануучу 21:30дар чамасынада күйөөсү ур-токмокко алып, белгисиз курч боюм менен денесине жаракат келтиргенин кабарлаган.

Аталган факт каттоого алынып, «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары жабырлануучунун 37 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү буга чейин да укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган.

Эсептөөлөргө ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Өткөн жылы эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган.