Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы блогерлер Креативдүү индустриялар паркына резидент болуп, өздөрүнө ыңгайлуу салык режимин тандай аларын билдирди. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.
Ал блогерлер жалпы салык режимин тандаса болорун айтып, анда алар жалданма жумушчулардын кирешесинен алына турган салыкты Парктын резиденти болбогон адамдардай 10% эмес, 5% өлчөмүндө төлөй турганын белгиледи.
Шыкмаматовдун айтымында, өзгөчө салык режимин тандаган учурда блогерлер 2027-жылга чейин кирешесинин 1% салык катары төлөйт. Андан кийин 2 пайызга жогорулайт. Киреше салыгы болсо жалпы салык режиминдегидей эле 5% түзөт.
Бул эки учурда тең блогерлер 15 жылга камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотулат.
Шыкмаматов кыргызстандыктарга салык төлөө маданиятын сиңирип, жоопкерчилик сезимин калыптандыруу керектигин билдирди. Ал кимдир бирөөнү салыктан бошотуу «туура эмес» экенин айтып, бирок блогерлик «ишмердүүлүктүн жаңы өнүгүп келе жаткан тармагы» экенин белгиледи.
«Кыргызстанда [жарнама] базары Орусия же Казакстандагыдай эмес, биздин жергиликтүү блогерлердин кирешеси ал өлкөлөрдөгүдөн кыйла аз. Биз азыр блогерлерди салыктар менен кыйнабашыбыз керек деп эсептейм», — деди ал.
Шыкмаматовдун пикиринде, блогерлер маанилүү коомдук милдетти аткарууда: алардын көбү маалымат таратуу, элди агартуу, өлкөнү жарнамалоо менен алектенет. Ошондой эле блогерлер жер-жерлердеги көйгөйлөрдү да көтөрүшөт.
«Жаштарыбыз кандайдыр бир экстремисттик агымдардын таасирине түшүп калгандан көрө блогерлердин жашоосун көрүп, аларды туурап, ошолордой мыкты болууга умтулганы жакшы», — деп эсептейт ал.
Буга чейин Казакстанда 20 миңден көп катталуучусу бар 500дөн ашык блогер миллиарддаган теңге карызы бар экендиги тууралуу эскертмелерди алганы кабарланган. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына ылайык, алар жалпысынан 53,3 млрд теңгелик (9 млрд сомдон ашык) кирешелерин жашырышкан.