Ошто өрттөн 50 жаштагы киши каза тапты

Image descriptionОштун Кара-Суу районуна караштуу Киров айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 50 жаштагы эркек киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык 25-февралга караган түнү саат үч чамасында болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, өрт электр жылыткычтан чыккан.

Тиешелүү кызматтар окуянын себебин аныктоо боюнча иш алып барууда.