25-февралда Жогорку соттун коллегиясы Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун башчысы Махабат Тажибек кызынын, журналист Айке Бейшекееванын жана «Айт, айт десенин» кызматкери Азамат Ишенбековдун кассациялык арызын карап, төмөнкү баскычтагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды.
Былтыр октябрда Ленин райондук соту аларды жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо иши боюнча күнөөлүү деп таап, Тажибек кызын алты, Ишенбековду беш жылга эрктеринен ажыраткан. Журналист Айке Бейшекеевага үч жылдык пробациялык көзөмөл белгиленген. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Адвокаттар журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, соттон аларды толугу менен актоону, болбосо Махабат Тажибек кызынын эрезеге жете элек баласы бар экенин эске алып, аны пробация менен эркиндикке чыгарууну өтүнүштү.
«Биз Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков эркиндикке чыгат же бөгөт чарасы өзгөртүлөт деп үмүт кылып жатканбыз. Биз муну күткөнбүз, бирок тилекке каршы, сот мурдагы баскычтагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды», — деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.
Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков өздөрү бүгүнкү сот отурумуна алып келинген жок. Адвокат Улан Сейитбеков муну Жогорку соттун жыйындар залдары айыпталуучуларды кармоого ылайыкташпаганы менен түшүндүрдү.
Тажибек кызы Чүй облусундагы №2, Ишенбеков №8 түзөтүү абактарында жазаларын өтөп жатышат.