Чүй облусунун Ысык-Ата районунда изделип жаткан кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маркумдун апасы милицияга кызы 17-февралдан 18-не караган түнү үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз экенин айтып арыз жазган.
Алдын ала маалымат боюнча, кыз таанышы менен жолугуп, ортосунда чыр чыккан. Мындан улам кызды бут кийиминин боосу менен муунтуп, денесине жаракат келтирген. Кыз окуя болгон жерде көз жумган. Шектүү сөөктү көмүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 20 жаштагы жигит кармалды.
Териштирүү уланууда.