Ошто бир нече дарак өз билемдик менен кыйылды

Image descriptionУкук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева Ош шаарында бир катар дарак кыйылганын айтып чыкты. Ал Ленин көчөсү 341 дарегиндеги үйлөрдүн короосунда чирибеген бак-дарактар кыйылганын айтып нааразы болду.
«Дарактардын үстүнөн көзөмөл кылган, экологияны көзөмөл кылгандар силерди бирөө колу-бутуңарды байлап койдубу? Же эмне кылды? Силерди бирөө чыкпагыла деп коркуттубу? Өзүңөрдүн ишиңерди аткарбайсыңарбы? Мамлекеттен күнүгө алып жаткан маянаңарды актабайсыңарбы? Мына жерде кыюулар башталды. Буга ким уруксат берди? Мына чирибеген-ирибеген жакшынакай эле дарактар. Сонунбек айткан биологиялык функцияларын аткарып эле жаткан дарактар»,
— деди Мамасалиева.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы дарактар жарандар тарабынан өз билемдик менен кыйылганын айтып, учурда келтирилген чыгымдар эсептелип жатканын билдирди.