УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси толук чечилгенин билдирди. Ал бул тууралуу Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Ташиевдин айтымында, жакында эки өлкөнүн чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлган. Маселе эртең Жогорку Кеңештин жыйынында каралат. Андан соң мамлекет башчылары кол коюп, кайрадан парламенттик жыйында кеңири курамда ратификациядан өткөрүлөт.
Ратификациядан өткөн соң мыйзамга мамлекет башчылары тарабынан кол коюлуп, ишке киргизилет. Бул жумуштардын баары бир айдын тегерегинде бүтөрү айтылды.