Чүй облусунун Ыссык-Ата районунда 17 жаштагы мектеп окуучусу үйүнүн короосунда асылып турган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан ырасташты.
24-февралдын таңында райондук милицияга кабар түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон өспүрүмдүн денесинде күч колдонуу белгилери байкалган эмес.
Милиция өлүмдүн себебин тактоо иштерин жүргүзүүдө. Экспертизалар дайындалып, текшерүү уланууда.
Акыркы бир айда эле өспүрүмдөрдүн бир катар өлүмү катталды. 5-февралда Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыз жипке асынып, ооруканада көз жумган. 12-февралда Кара-Сууда 9-класстын окуучусу сабалгандан кийин каза тапкан. Ал эми 16-февралда Токмокто 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү тууралуу кабарланган.
21-февралда Караколдо 16 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылган. 22-февралда Ноокат районунда да 12 жаштагы өспүрүм өз үйүнүн короосунда асынып алганы айтылган эле.