OCCRP'нин журналисттери Орусияга санкциялар киргизилгенден кийин Кыргызстан кымбат баалуу автоунааларды параллель импорттоо схемасынын борбору болуп калганын аныктап чыгышты.
Алсак, Москвадагы Berg Auto Premium аттуу дилердик борбор өз кардарларына дээрлик $1 миллионго Porsche, Tesla Cybertrack, ал эмес Rolls-Royce Cullinan унааларынын акыркы үлгүлөрүн сунуштап жатат. Санкциялардан улам бул унаалар Орусияда сатылбашы керек болсо да, дилердик борбордун сатуучусу аларды Грузия же Кыргызстан аркылуу алып келүү «маселе эмес» экенин билдирүүдө.
Муну БУУнун импорт жана экспорт тууралуу маалыматтары да ырастайт. 2020-2021-жылдары Кыргызстан Европадан болгону $8,8 миллионго унаа импорттосо, кийинки эки жылда бул көрсөткүч 80 эсеге өсүп, $730 миллионго жеткен.
Мындай тенденция Өзбекстан менен Казакстанда да байкалууда, бирок Кыргызстандагыдай көрсөткүчтөрдүн кескин өсүүсү жок.
«Бул Кыргызстандын ар бир жашоочусу күтүүсүздөн жаңы унаалуу болду дегендик эмес. Өлкө Орусияга ташылган автоунаалар үчүн транзиттик борбор болуп калган», — дейт экономист Карл Греку.
Мындан тышкары журналисттер Кыргызстандан Орусияга ыктымал унаа жеткирип берүүчүлөрдү — Сыргакбек Атышов менен Адилет Тилдебаевди табышкан. Булар экөө тең соцтүйүндөрдө Москвадагы Berg Auto Premium дилердик борборуна жеткирүү үчүн Европа менен Түштүк Кореядан кымбат унааларды алып келишерин чыгарып турушат.
Журналисттердин бул боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө Кыргызстандын Бажы кызматы дагы, президент Садыр Жапаровдун администрациясы дагы, Атышов менен Тилдебаев дагы жооп беришкен эмес.