‼️ЖК комитети кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча келишимдерди карай баштады

Image descriptionЖогорку Кеңеште 27-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди карап башташты.

Учурда Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча, Суу-энергетикалык инфраструктура боюнча, Жол-транспорттук инфраструктура боюнча келишимдер бир нече комитет тарабынан бир убакта каралууда.

Андан соң документ парламенттин жыйынына чыгарылат.

Докладчы катары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чыкты.