Оштогу сел: Сот мурдагы чиновникти 1 млн сом айыпка жыкты

Image descriptionОш шаардык соту мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Пирматовду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» күнөөлүү деп тапты. Сот ага 1 млн сом айып салды.

Мурдагы чиновник өлкөдөн чыкпоо шарты менен бошотулду.

Пирматов өткөн жылы декабрда Туран кичи районунда сел өтүүчү жерди мыйзамсыз жеке менчикке саткан аукционду уюштурганга көмөктөшкөн деген шек менен кармалган.

Ошто 2024-жылы 14-июлдагы адам өмүрүн алган селден кийин суу өтүүчү каналдарга байланыштуу мыйзам бузуулар ачыкка чыгып, бир канча аткаминерлер кармала баштаган.

Ош шаардык соту Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, мурдагы башкы архитектору Алтынбек Токошев жана Ош облусунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяз Сансызбаевди да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп, ар бирине 1 млн сом өлчөмүндө айып салынган.