26-февралда Ысык-Көл облусунун Түп районунда 13 жаштагы өспүрүм өз үйүнүн жанындагы сарайда асынып турган жеринен табылды.
Облустук милициянын маалыматына караганда, маркумдун денесинен жаракаттар табылган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Акыркы бир айда эле өспүрүмдөрдүн бир катар өлүмү катталды. 5-февралда Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыз жипке асынып, ооруканада көз жумган.
12-февралда Кара-Сууда 9-класстын окуучусу сабалгандан кийин каза тапкан. Ал эми 16-февралда Токмокто 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү тууралуу кабарланган.
21-февралда Караколдо 16 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылган. 22-февралда Ноокат районунда да 12 жаштагы өспүрүм өз үйүнүн короосунда асынып алганы айтылган эле.
2 күндөн кийин Чүй облусунун Ыссык-Ата районунда дагы 17 жаштагы мектеп окуучусу үйүнүн короосунда асылып турган абалда табылган.
26-февралда парламентте депутат Жанар Акаев өкмөттү сынга алып, жакын арада чукул жыйын өткөрүүгө чакырган. Анда ал беш-алты баланын өлүмү трагедия экенин айтып, ИИМ, Билим берүү министрликтери ыкчам иш алып барышы керек деген. Тиешелүү органдар азырынча үн ката элек.