Акын Азамат Ишенбековдун энеси дүйнөдөн кайтты

«Айт, айт десе» долбоорунун кызматкери, абактагы акын Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова 2-мартта акка моюн сунду.

Жаза аткаруу кызматы Азамат Ишенбековго 5-мартка чейин чоң энесинин акыркы зыйнатына катышууга уруксат берди.

Ал эми 1-мартта Ишенбеков ооруп жаткан чоң энесин көрүүгө уруксат алып, абактан Нарынга барган. Буга чейин чоң энеси ооруканада оор абалда жаткан.

Азамат Ишенбеков ата-энесинен эрте ажырап, чоң ата, чоң энесинин колунда өскөн. Азаматтын 5 жылга кесилгенин чоң энеси уга элек болчу.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Азамат Ишенбековдун чоң энеси ооруканага жатканына бир нече убакыт болгонун айтты. Ал Азаматты пробацияга чыгаруу боюнча сотко келтирилген өтүнүч каралбаганын белгиледи.
«Бишкек шаардык соту карап жаткан учурда эле Азаматтын энеси ооруканада жатып калган. Биз барып кабар алып келгенбиз. Бишкек шаардык сотуна жана Жогорку сотко видеолорду тиркеп, өтүнүч келтирилген. Пробацияга чыгаруу боюнча өтүнүч берилген, бирок аны карашкан жок»,
— деди Абдирасулова.

18-декабрда Бишкек шаардык сотунда акын чоң энесине жазган ырын окуп берген эле. Анын адвокатынын айтымында, кайгыдан улам чоң энесинин саламаттыгы начарлап, көзү көрбөй калган.

Былтыр октябрда Ленин райондук соту акынды жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо иши боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эрктеринен ажыраткан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

25-февралда Жогорку соттун коллегиясы «Айт, айт десенин» кызматкери Азамат Ишенбековдун кассациялык арызын карап, төмөнкү баскычтагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырган.

Ишенбеков №8 түзөтүү абактарында жазасын өтөп жатат.