Буга чейин УКМК тарабынан ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өткөн жылы Абыкеев УКМК тарабынан мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалган. Атайын кызматка Ынтымак айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш ишине Абыкеевдин катышы бар экени тууралуу маалымат түшкөн.
Текшерүнүн жүрүшүндө, аким айыл өкмөт башчыларынын бирин коргоп жана жардам көрсөткөнү үчүн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алганы аныкталганын кошумчалашкан.
24-июлда Ош шаардык соту Абыкеевди башка жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Кийин 12-августта Темирболот Абыкеев кызматтан алынганы кабарланып, ордуна Канат Табалдиев дайындалган эле.
Темирболот Абыкеевдин бул иш боюнча акталып же акталбаганы тууралуу расмий маалымат берилген эмес. Бирок анын тууганы Чолпонбек Абыкеев «Азаттыкка» берген интервьюсунда, инисине коюлган айыптардын далили жок болуп чыкканын жана акталганын билдирген.
Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.
Ал буга чейин Чоң-Алай районун да жетектеген.