Күйүүчү майга кошумча алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү

Image description2025-жылдын башынан 20-февралына чейин күйүүчү майдын литрине кошумча алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом топтолду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев ЖКнын комитеттик жыйынында билдирди.
«Салык кызматынан алган маалымат боюнча 222 млн литр күйүүчү май маркировкадан өттү. Ал эми Жол фондуна 172 млн сом каражат чегерилди. Негизи жыйымдар ар бир айдын онунчу датасына чейин түшүшү керек. Ошондуктан түшкөн каражат менен маркировканын ортосунда айырма бар»,
— деди Базаралиев.

Кыргызстандыктар 1-январдан баштап ар бир литр бензин жана дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөй баштаган. Бул каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен өлкөдөгү жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.