«Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы тууралуу айткан пикиринен кийин фракциядан четтетилди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында Динара Ашимова Айжигитовдун маселеси караларын билдирген эле.
«Биздин фракция менен макулдашпай туруп, азыркы учурда сезимтал маселе боюнча өзүнүн жеке пикирип айтьп, элибизге дүрбөлөң салып, туура эмес позиция кылгандыгы үчүн биз азыр фракциянын мүчөлөрү сүйлөштүк. Түшкү тынуугуда кезексиз жыйын өткөрүп чечим кабыл алабыз»,— деген Ашимова.
Айжигитов бүгүнкү парламенттик жыйынды кыргыз-тажик чек арасы тууралуу пикирин билдирген. Анда ал Достук айылын берүүгө каршы чыгып, бир канча сунуштарды берген.