Бишкек мэриясы берген троллейбустар Нарында каттамга чыккан жок. Шаар жетекчилиги троллейбус кызматынан толук баш тартканын «Клоопко» мэриядан билдиришти.
«Алгач троллейбус линияларын узартып, санын көбөйтүүнү пландаганбыз. Бирок, алар шаардын борбордук бөлүгүндө гана каттап, чыгыш жана батыш тарабындагы муктаж аймактарга барбайт эле. Өкмөт 1 миллиард сом каржылык колдоо көрсөтүүдө. Ошонун эсебинен күйүүчү май менен жүргөн 10 автобус алуу пландалууда. Бишкектен келген троллейбустар каттамга чыккан жок»,
— дешти мэриядан.
Шаардык мэрия троллейбус линияларын алып салуу сунушун киргизип, шаардык кеңеш колдоп берген. Учурда бул сунуш коомдук талкууга коюлган.
Бишкек мэриясы өткөн жылы троллейбустардан баш тартып, ордуна электробустарды алууну пландаган. Кийин бул сунуш шаардык кеңеш тарабынан колдоого алынып, 29-августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин кабыл алган. Мындан тышкары, Нарын шаарына алты жана Баткен облусуна тогуз троллейбус берген.
Бишкек берген троллейбустар Ош шаарында да каттамга чыга элек. Ош мэриясы троллейбустар үчүн линия да тарта элек. Мэрия каттам болжол менен жай айларында ишке кирет деп билдирген.
Ал эми Баткенде эч качан троллейбус каттамы болгон эмес. Бирок шарттар түзүлө баштаганы айтылган.
Бишкекте троллейбустар 2024-жылы 4-ноябрдан тарта жүрбөй калган.
Борбор калаада активисттер бул чечимге каршы болуп, «Акыркы троллейбус» акциясын өткөргөн. Бишкек шаардык кеңешинин чечимине каршы баш калаанын тургундары сотко кайрылган. Арызды Бишкектин административдик соту карап, шаардык кеңеш троллейбустардын тагдыры чечилген жыйындын протоколдорун бербегени үчүн 7 миң сом өлчөмүндө айып пул салган.