ТИМ Америкада каза болгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу маалымат таратты

Image descriptionТышкы иштер министрлиги АКШда кыргызстандык үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү табылганын тастыктады.

«Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек», — деп жазылган маалыматта.

Алар АКШнын Орора шаарында жашашкан. ТИМ бул маалымат түшкөндөн кийин Чикагодогу Башкы консулдук укук коргоо органдары жана маркумдардын туугандары менен байланышта болуп, сөөктөрдү мекенине жеткирүү иштерин жүргүзүүп жатканын билдирди.

Бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Буга чейин «Азаттык» үй-бүлөнүн киши колдуу болгонун жазган. Бул үй-бүлө Америкада 15 жылдан бери жашап, логистикалык компанияны иштетип келген.