Президент Садыр Жапаров Максим Бакиевдин өлкөгө келгенин четке кагып, ал келсе камалаарын билдирди. Жапаров Максим Бакиев келип калган болсо «камап коюп миллиарддаган акчаларды бюджетке кайтарат элек» дейт.
«Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да»,
— деди президент.
Ошондой эле Жапаров Курманбек Бакиев менен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду экинчи өлкөлөр «эгер камабасаңар өткөрүп берели» деген сунуш бергенин билдирди.
«Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон. Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу»,
— деди Жапаров.
Буга чейин журналист Болот Темиров булактанына таянып, Максим Бакиев жеке учак менен Кыргызстанга келгени билдирген. Бирок УКМК бул маалыматты четке каккан.